Кубатбекова Айгуль Бектурсуновна

Англис тили мугалими

Мен 1982 жылы 5- июнда Каракол шаарында төрөлгөм . 1986-жылы Күн Чубак балдар бакчасында тарбиялангам. 1989-жылы Мичурин азыркы М. Мамакеев атындагы орто мектепке биринчи босогосун аттадым. Мектепте эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп 1996-1997- окуу жылында М.Мамакеевдин атынан биринчи стипендиант болдум. Окууну ийгиликтүү аяктап 1999- жылы өз каалоом өз күчүм мн К . Тыныстанов атындагы ЫМУга четтилдер факультетине тапшырдым. Беш жыл ийгиликтүү окуп бүтүп , биринчи эмгек жолумду Каракол шаарындагы #9 Дружба орто мектебинде эки жыл англис тили мугалими болуп иштедим . 2006- жылы жашоо шарттарына байланыштуу Түп районунун Ынтымак айылына көчүп келип Ынтымак толук эмес орто мектебине орус тили жана адабияты жана уюштуруучулук кызматты аткардым . 2008- жылы окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын милдетин аткардым. Ал эми 2014- жылы директорлук милдетти аткардым. 2017 — жылдын январында ден соолукка байланыштуу кызматты өткөрүп катардагы мугалим болуп калдым . Азыркы учурда англис тили мугалими болуп эмгектенем. Ушул жылдарда көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Зоналдык , Райондук олимпиадаларга катышып жакшы орундарга ээ болуп келе жатабыз. Областык олимпиадага бир жолу катышып келдик. Көптөгөн тренингдерге, семинарларга , ар кандай окуулар активдүү катышып келе жатам.
Үй бүлөлүүмун, төрт уулум жана бир кызым бар.