Биз жөнүндө

№31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектебинин тарыхы

Мектеп жөнүндө маалымат:

№ 31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектеби  советтер союзунун  учурундагы Маяк совхозунун 2-фермасынын тургуну, саанчы  ошол кездеги Жогорку Советтин депутаты  Бейшекеева Кулмиранын  демилгеси менен 1987-жылы бала бакча катары курулуп ишке берилген. Бала бакчанын жетекчиси Гергокова Тамара Хаджумуратовна 1993-жылга чейин жетектеп, айылдын балдары тарбияланып келген. Бала бакчада 50 жакын бала тарбияланып  баардыгы 15 киши эмгектенишкен.  Айылда мектеп жок болуп балдар Сары-Булун айылындагы мектепке барып келип жаткандыктан, бала бакча жоюлуп имараты мектеп катары 1993-жылы  1-4-класстар үчүн башталгыч мектеп болуп ишке кирген. Мектепте биринчи эмгек жамааты болуп 1993-жылдан баштап эмгектенген төмөндөгү мугалимдер болгон:

  1. Шадыканов Болот Алиевич – мектеп директор
  2. Жумадылова Ажаркүл Аманкожоевна – физика мугалими
  3. Талипова Роза Абдувалиевна – орус тили мугалими
  4. Черикчиева Айнагул Жумашевна – башталгыч классынын мугалими
  5. Оморова Данагул Шаршебаевна – башталгыч классынын мугалими
  6. Мамытова Салтанат Асановна – башталгыч классынын мугалими
  7. Дуэтова Нурбүбү Абдылдаевна – башталгыч классынын мугалими
  8. Идрисова Айнура Ильясовна – математика мугалими
  9. Дюшеева Айгүл Орозгановна – математика мугалими
  10. Касымбаева Венера Турсунбековна – география мугалими
  11. Исаева Гулзина Жумакадыровна – орус тили мугалими
  12. Тагаева Кулмила – башталгыч класс мугалими

Биринчилерден болуп 9-классты толук эмес билимине ээ болуу күбөлүгү  менен 1996 – жылы  мектептин базасында 1981 –жылы төрөлгөн  балдар  болуп эсептелет. 2007-жылы АРИС долбоорунуннегизинде 422000 сомдун тегерегинде бала бакча тибиндеги кабинеттер реконструкцияланып класс кабинеттерге ынгайлаштырылган жана окууга ошондой эле окутууга жакшы шарт  түзүлүп калган. Мектеп типтүү эмес болсо дагы №31 Ынтымак  орто мектеби статусуна 2008-жылы ээ болуп, 2007-2008-окуу жылында биринчи 11-класстын бүтүрүүчүлөрү  1991-жылы төрөлгөн окуучулар 11-классты бүтүрүү аттестатына ээ болушкан.

2013-жылы 240 сааттык окутуу программасы менен 6 жаштагы балдарды окутуу ачылып, 2014-жылы 480 сааттык толук кандуу бир жылдык окутуу программасы менен башталгыч классынын мугалими Акунова Динара Бекпоевна окутуп баштаган.

Мектеп базасында 2015-жылдан бери ата – энелер тарабынан каржыланган 3 сааттык жамаатык бакча ишке кирип тарбиячысы Кадырова Махабат иштеп келет.

2018-жылдын октябрь айынан баштап “№31 Ынтымак орто мектеби” кайрадан  “№31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектеби” болуп өзгөртүлгөн жана мектептин Уставына кайрадан өзгөртүү толуктоо киргизилип мамлекеттик юстициядан каттоодон өтүп, мектептин мөөрү жана штампы жасалып чыкты.

№31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектеби Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин  мыйзамдарын жана буйруктарын аткаруу менен иш алып барып келет, ошондой эле №31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектебинде 6 жаштан 18 жашка чейинки улан кыздар билим алышат. МектепЫсык-Кол айылөкмөтүнүн аймагында жайгашкан. Мектеп үч баскыч менен, 2 сменде кыргыз тилинде окутулат. Билим берүү Мыйзамына, билим берүү тармагында иштеп жаткан  Улуттук программаларга жана мектептин Уставына ылайык иштер аткарылып базистик окуу планына ылайык окутулат. Баардык предметтер билим берүү жана илим министрлиги  бекиткен типтүү окуу программаларына ылайык өтүлөт. Программалар предметтик мугалимдер аркылуу сааттарга ылайыкташтырылып мектепте ар бир окуу жылынын негизинде 18-19-20- мугалимдин тегерегинде иш алып барышат.

Мектепте 1-4-класстар үчүн 2006-жылдын сентябрь айынан бери чай, булачкасы менен берилип ашкана  иштейт.  Ашканада ашпозчу болуп 2006-жылдан бери Байтошева Гулнар Кенешовна иштеп келүүдө. Ашканада 1-4-класстардын окуучулары үчүн “Ысык тамак” берүүгө Ысык-Көл айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылы кошумча кол жуучу жай курулуп, баардык жабдуулар менен жабдылууда жана 2019-жылдын ноябрь айынан баштап  “Ысык тамак” берилүүдө.

 

Мектеп жетекчилери:

 

1996-жылы биринчи жолу  мектептин 9-класстын базасын биринчи бүтүрүүчүлөрү болуп 1981-жылы төрөлгөн балдар болуп эсептелет жана 11 окуучу  өзүнүн  күбөлүктөрүн алышкан. Мектептин биринчи директору Болот Шадыканов Алиевич бекитилип 1997-жылга чейин иштеген. Ал эми 1997-1998-жылдары  мектептин директору болуп Идрисова Айнура Ильясовна дайындалган. Андан кийин 1998-жылы мектептин директору  Чаначев Иса Абдакалыевич 2008 – жылдын январь айына  чейин иштеген. 2008-жылдын февраль, март айлары окуу бөлүм башчысы Дуэтова Нүрбүбү Абдылдаевна директордун милдетин аткаруучу болуп иштеген.
2008-жылдын 1-апрелинен тартып Идрисова Айнура Ильясовна мектептин директору болуп дайындалып, 2014-жылдын 15-октябрга  чейин  № 31 Ынтымак орто мектебин жетектеп, көп ийгиликтерге жетиштирген. 2014-жылдын 15-октябрь айынан баштап, окуу бөлүм башчысы Кубатбекова Айгуль Бектурсунова  мектептин директору болуп дайындалды жана 2017-жылдын  август-декабрь айына чейин директордун милдетин аткаруучу болуп Джумабекова Элвира Ибраевна  иштеп келген жана 2018-жылдын 04-январынан Джангазива Наргиза Муратбековна директор болуп эмгектенип келүүдө.

 

Чаначев Иса Абдыкалиевич

19.03.1950-жылы туулган Директор  (1998-2008-ж)

Дуэтова Нурбүбү Абдылдаевна

13.08.1967-жылы туулган Директордун милдетин аткаруучу  (февраль, март 2008-ж)

Идрисова Айнура Ильясовна

10.03.1968-жылы туулган Директор  (2008-2014-ж)

Кубатбекова Айгуль Бектурсуновна

05.06.1982-жылы туулган Директор  (2014-2017-ж)

Джумабекова Эльвира Ибраевна

14.11.1982-жылы туулган Директордун милдетин аткаруучу

(август-декабрь2017-ж)

Джангазиева Наргиза Муратбековна

19.12.1984-жылы туулган Директор  (2018-ж январь айынан бери)

Окуу бөлүмүнүн башчылары:

Дюшеева Айгуль 1993-1999-ж, Дуэтова Нурбүбү Абдылдаевна 1999-2008-жылдар, Идрисова Айнура Ильясовна 2008-жыл, Джумабекова Элвира Ибраевна 2008-2010-жыл, 2014-2016-ж, Кубатбекова Айгуль Бектурсуновна 2010-2014-жыл, Джангазиева  Наргиза Муратбековна 2016-2017-ж, Турсунова Назира Султангазиевна 2017-2018-жыл, Дюшембиева Айнура Нургазиевна 2018-жылдан бери иштеп келишет.

Мектеп уюштуруучулары:

Дуэтова Н.А. 1993-1999-ж, Байгазиев Бакыт Сагынович 1999-2006-ж, Кубатбекова А.Б. 2006-2010-ж, Турсунова Н.С. 2010-2016-ж,  Кашкораева Г.Б. 2016-2017-ж, Дюшембиева А.Н. 2017-2018-ж, Турсуналиев Т.Ч. 2018-жылдан бери иштеп келишет.

Соцпедагог кызматы мектепте 2011-жылы  ачылып биринчи Жапеков К.Р.,Джумабекова Э.И. 2013-2014-ж,  Дуэтова Н.А. – 2016-2018, Турсунова Н.С. 2018-жылдан бери иштеп келишет.

Мектеп китепканачылары:

Черикчиева А.Ж. 1993-1998-ж, Таалайкүл  1998-2008, Казекова А.К.-2008-2010-ж, ОРрозбаева Г.Т. 2010-2013, Кашкораева Г.Б. 2013-2015-ж, Искакова Ж.А. 2015-жылдан бери иштеп келишет.

Мектеп болуп ачылгандан бери көптөгөн мугалимдер иштеп  эмгек жолдорун башташкан. Ошол эле учурда мектептен иштеп мыкты мектептерде да иштеген мугалимдерибиз да бар. Мисалы Жумадылова Ажаркүл Аманкожоевна – Түп райондук билим берүү бөлүмүн башкы жетектөөчү адиси, Жапеков К.Р. – Сары-Булун орто мектебинин директору, Каракол шаарынындагы №11 мектеп гимназиясында англис тили Касмакунова Лена жана башкалар.

Баардыгы жогорку жана атайын орто билимдүү мугалимдер эмгектенет. Мугалимдер жыл сайын өз билим өркүндөтүү курсунан билимдерин жогорулатып жана ар кандай долбоорлордун негизиндеги семинарларга катышып турушат. Жыл сайын мугалимдер үчүн уюштурулган конкурстарга катышып турушат. Жыл сайын өтүүчү “Жыл мугалими” конкурсуна катышып алдынкы орундарга илинип финалга жетип байгелүү орундарга жетишип турушат. 2013-жылы областтык денгээлде өткөн “Жыл мугалими” конкурсунда кыргыз тили жана адабияты мугалими Джумабекова Элвира Ибраевна  областа 1  орун алган. 2016-жылы областтык денгээлде өткөн “Мыкты уюштуруучу” конкурсунда Турсунова Назира Султангазиевна финалист болгон. Мугалимдер ар тараптан өзүлөрунүн чыгармачылыгы менен эмгектенип келишет. Башталгыч 1-4-класстарга 2014-жылдан баштап ЮСАИД «Бирге окуйбуз» долбоорунун негизинде иш алып барууда. 2019-жылдан бери ушул эле башталгыч класстар тарабынан “Окуу керемет” долбоорунун негизинде иш алып барууда. 2015-жылдан бери мектеп мамлекеттик стандарттын негизинде сабактар өтүлүп, 2018-жылдан бери жогорку класстарда мамлекеттик стандарт ишке ашырылып келет.

 

2017-жылы АКМЕНАР программасы менен менталдык арифметика уюштурулуп математика мугалими Имангазиева Асель Чинарбековна окутуп 25 окуучу менен иш алып барды.

 

Окуучулары жөнүндө маалымат:

Мектепти бүтүрүүчүлөрү жыл сайын Жалпы Республикалык тесттирлөөгө катышып турушат. Тесттин жыйынтыгы менен 2018-жылы Русланова Назгүл негизги тесттен эн жогорку 174 баллды камсыздаган жана бюджеттик негизде окуп келет. 2016-жылы Русланова  Назгүл 9-классты кызыл күбөлүк менен бүтүп, 2018-жылдын 11-класста “Алтын тамга “ тестирлөөсүнө катышып келген. Окуучулар өзүлөрүнүн билим сапатын текшерүү үчүн ар кандай тестирлөөгө  убак – убагы менен катышып турушат. Жана аймактык, райондук предметтик олимпиадаларга да катышып келишет областтык денгээлде 2015-жылы тарых сабагынан Оморова  Айсулуу 3 орун, 2016-жылы англис тили сабагынан 4 орун Смагулова Каухар  алган. 2021-жылы кыргыз тил жана адабияты мугалими Джумабекова Э.И.нын окуучусу 10-класстын окуучусу Жайлобаева М. Областтык олимпиадага катышып активдүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланды. Ошондой эле  окуучулар тарбиялык иштерге да активдүү катышып таланттуу балдар чыгышат. 2014-жылы Республикалык денгээлде “Туулган жердин атактуулары” конкурсунда Жумалиева Айжамал катышып грамота менен сыйланган .  2018-жылы Акунов Азим областтык денгээлде өткөн патриоттук  ырлар конкурсунда  2 орунга ээ болгон. Ошону менен бирге спорттук иш чаралардан  да артта калбай окуучулар арасында  райондук жана областтык денгээлдеги  Манасиадаларга  да жемиштүү орундарга ээ болуп келишет.

2017-жылы 11-класстарды бүтүрүүдө  окуучуларды жыйынтыктоочу мамлекеттик  аттестациядан  стандартташтырылган тест түрүндө  өткөрүлүп ийгиликтүү тапшырышкан жана аттестаттарын алышкан.

2018-жылы биринчи жолу мектептерди баалоо максатында өткөрүлгөн аккредидатциядан  5 жылдык мөөнөткө ийгиликтүү өткөн.

Окуучулардын билим сапатына мотивациялоо үчүн окуучулардын  жетишкендиктерин өз ара салыштырып, алардын күчтүү жана чабал жактарын аныктап, билим  сапатына мониторинг жүргүзүү менен анализ жасалып турат.

№31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектеби мектеп статусуна ээ болгондон бери  көптөгөн долбоорлор менен иш алып барып барат. Аймактык, райондук, республикалык денгээлдеги иш чараларга катышат. аймак аралык, район аралык предметтик олимпиадаларда  көп жетишкендиктерге жетишип турат. Бул жетишкендиктерди ишке ашыруу үчүн  окутууда окуу программасын окуу – методикалык камсыздоону билим берүүнүн максаттарына ылайык  мектепте кичинекей жана таза тыкан китепкана иш алып барат. Китепкана фондунда Кыргыз   тилиндеги   окуу  китептери  3106 даана, Көркөм  адабияттар – 318даана, Методикалык   китептер   – 256 даана, Бардык  китептер    3680 даана. Китеп  менен  камсыз  болушу 1-4- класстар   — 85%, 5-9- класстар–92 %, 10-11 класстар– 96%, Бардыгы:  91% түзөт. Мектепте окуу залы жок болсо да, окуучулар жаны келген китептерге кызыктар болуп окуп турушат жана китеп фондун жыл сайын толукталып турат.

Мектептин   эң   негизги   социалдык  өнөктөшү   ата – энелер.  Акыркы  жылдары   ата-энелер   мектептин  окуу – тарбия  процесстерине   үзгүлтүксүз    катышып,  мектеп  менен   тыгыз   байланышта   болууда  .

Алар  балдарынын   окуудагы  жетишкендиктерин,   мектептеги   жүрүм – туруму   боюнча   кызыкдар   болушууда .    Алар  окуучулардын   учур  талабына  ылайык   маалымат   технологиялары   менен    иштей  билүүгө   үйрөнүүсүн   жана   индивидуалдык   жөндөмдүүлүктөрүн   калыптандыруусун   күтөт. Ата – энелер   мектеп  менен   тыгыз   байланышта  болуп,  мектепке   финансылык   колдоолорду    көрсөтүшөт.  Мектепте  өткөрүлгөн   ата – энелер   чогулушуна   катышуусу   75-80%  .  Тарбиялык  иштердин  эффективдүүлүгүн   арттыруу  максатында  уюштурулган    айлык, акция,  кароо- сынактарга   ата – энелер  өз  салымдарын  кошуп,  жигердүү кызматташат. 2018-жылдан баштап мектепте “Ата-энелер мектеби” ишке кирип иштеп жаткан кези.

 

 

Мектептин материалдык техникалык базасы:

Мектептин материалдык –техникалык базасын чындоо боюнча төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлүп турат.

  1. Мектеп 2007-жылы “АРИС” долбоору менен менен 465000 сомдун тегерегиндеги окутууга ылайыкташтырылган класс кабинеттер болуп реканструкцияланган.
  2. Мектеп болуп иштеген баштап 2008-жылы “Айылдык билим берүү долбоорунун негизинде” 135145 сомго компьютердик класс ачылган. Ал класс баардык эмеректер менен жабдылып компьютер, принтер  ксерокс менен, телевизор ДВДси жана окутуучу дисктери менен алынган.
  3. Мектептин чатырынан суу кирип, потолоктон суу тамып калгандыгына байланыштуу 2015-жылы 854000 сомго “Ысык-Көл өнүктүрүү” фондунан акча бөлүнүп мектептин чатыры кайрадан жаныланган.
  4. Мектептин ички абалы эскирип шыбактары түшүп жаткандыгына байланыштуу 2016-жылы “Демилге берүүчү фонддон” 2471211 сомго капиталдык ремонт өткөрүлүп терезелер пластикке алмашып, пол  салынып, жылытуу системасы жаныланган.
  5. Ошондой эле Түп мамлекттик администрациясы тарабынан 2 компьютер, 1 принтери менен 2016-жылы 46800 сомго белекке берилген.
  6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан окуу куралдары менен жыл сайын каржыланып, окуу методикалык көрсөтмөлөрү менен жабдылып турат. Ошондой эле 2017-жылы 55000 сомдук телевизорлордон 2 даана берилген. Ушул эле жылы  интернет түйүнүнө кошуп байланыш түзүп берген.
  7. Мындан сырткары “Ысык-Көл” айыл өкмөтү тарабынан көптөгөн жардамдар берилип турат.
  • Мектептин ашканасын ондоо үчүн 2017-жылы 319145 сом
  • Ашкананын идиш аякка 2017-жылы 35000 сом
  • Мектептин ажатканасы үчүн 2015-жылы 35000 сом
  • Мектепке жумшак столдор үчүн 2016-жылы 44000 сом
  • Мектептин капремонтунун салымы 2016-жылы 494300 сом
  • Мектептин электречествосу үчүн 2016-жылы 218000 сом
  • Мектепке видеокөзөмөл 2018-жыл 85000 сом
  • Мектептин печаты үчүн 2018-жыл 5000 сом
  • Мектептинтегергинкурчоо 2020-жыл 513314 сом
  • Мектепке компьютер ксерокс, түстүү компьютер 2019-жыл 96490 сом
  • Мектептинашканасына стол отургучуменен 2020-жыл 35600 сом
  • Мектепке КОВИД-19 менен күрөшүү үчүн 2020-жыл 9000 сом
  • Жыл сайын утурумдук ремонт үчүн да бөлүп турушат.
  1. Ошондой эле ата-энелер тарабынан ар кандай иш чараларга жана муктаждыктарга  демөөрчү болуп финансылык колдоо көрсөтүлүп турушат.

Мындай иш чараларды көбөйтүп материалдык техникалык  базаны чындоого дагы да долбоорлор менен  иштөөгө үмүтүбүз чоң!