Мен Дуэтова Нурбүбү Абдылдаевна 1967-жылы 13-августта Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Туу айылында төрөлгөм. 1982-жылы Пржевальск шаарындагы (азыркы Каракол) педагогикалык окуу жайына тапшырып,1986-жылы бүтүргөм. 1987-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булуң мектебинин башталгыч классынын мугалими болуп кабыл алынып,алгачкы эмгек жолумду баштадым. 1995-жылы Ынтымак айылындагы мектепке которулуп,азыркы убакка чейин №31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектебинде жаш жеткинчектерге билим-тарбия берип,эмгектенип келе жатам. Үй бүлөлүүмүн.Жолдошум Дуэтов Эрмекбай. 5 баланын ата-энесибиз. Үч кыз,эки уулубуз бар.
Үй дарегим: Ынтымак айылы.Ленин көчөсү №4