Жаңы жылдык балаты
№31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектебинде 2021-жылдын 29-декабрында «Жаңы жылдык балаты» майрамы болуп өттү. Балаты майрамы 4 бөлүктө болду.
1-бөлүктө Жамааттык бала бакча жана 480 саат. 2-бөлүктө 1-4-класстар. 3-бөлүктө 5-7-класстар. 4-бөлүктө 5-7-класстар.
Жамааттык бала бакча, 480 саат жана 1-4-класстар үчүн атайын программанын инегизинде аяз ата жана аяз кыздын катышуусунда чакан майрамдык концерт уюштурулду.
5-7-класстар арасында КВН таймашы болуп өттү. Таймашка калыстык кылуу үчүн айылдык кеңештин депутаттары Жантаева Ф. жана Өмүрканов А. чакырылган. Таймаштын жыйынтыгында 87 упай менен 6-класстын окуучулары 3-орунга, 90 упай менен 7-класстын окуучулары 2-орунга, 91 упай менен 5-класстын окуучулары 1-орунга ээ болушту.
8-11-класстар арасында «Жаңы жылдык балл маскарад» болуп өттү. Бал маскарадда окуучулар ар түрдүү өнөрлөрүн көргөүшүп, эң мыкты бийлер, ырлар, интермедия-пародиялар аткарылды.
Комментарии