3-март Туу күнү!
3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө Тарых мугалим Абдышева Н.Э. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жөнүндө доклад окуду. Окуучулар сүрөттордү тартышып, флешмоб уюштурулду. 5-класска Шаршебаев С.С. жана 6-класска Имангазиева А.Ч. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун 30 жылдыгы» деген темада ачык тарбиялык сааттар өтүлдү. Иш чаранын окуучуларда патриоттук сезимди жандандыруу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусун даңазалоо негизги максаты коюлган жана коюлган максат иш жүзүнө ашырылды.
Комментарии