Турсунова Назира Султангазиевна

Соц педагог

Мен Турсунова Назира Султангазиевна 1978-жылы 4-мартта Ы сык-Көл областынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында жарык дүйнөгө келгем. 10 бир тууганмын. 6кыз 4эркек.  Атам Турсунов Султангазы, энем Турсунова Какен. Үйдүн кичүүсүмүн. 1985-жылы 1-сентябрда мекеп босогосун аттап, 1995-жылы Асан Сопиев атындагы Тасма орто мекебин бүтүргөм .Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, 1999-жылы аяктадым .Ошол эле жылы Бишкектеги  К.Молдобасанов атындагы  Кыргыз Улуттук Кансерваторияга тапшырып, 2004-жылы бүттүм. 2004-жылы Чоң-Тогузбай мектебинде музыка мугалими болуп эмгектенип, 2007-жылы Түп районуна караштуу Ынтымак айылында №31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектебине которулуп  келдим. 2007-жылдан бери Ынтымак айылында ушул мектепте жаш муундарга музыка жана физика сабагынан берип эмгектенип келе жатам. Азыркы учурда Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы   Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин физика –математикалык жана табигый техникалык факултетинде физика адистигинин 4-курсунда окуп жатам. Үй бүлөлүүмүн .Жолдошум Метейбаев Тилек Кубатбекович. Үч уул, бир кызыбыз бар.

Үй дареги: Ынтымак айылы Ысык Көл көчөсү б/н