Мен Шаршебаев Санжар Сергеевич 2000-жылдын 11-январында Түп районуна караштуу Ынтымак айылында төрөлгөм. 2006-жылы №31 Ынтымак орто мектебинин босогосун аттап, 2017-жылы ийгиликтүү аяктадым. Ушул эле жылы К. Тыныстанов Атындагы ЫМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетине, математика адистигине тапшырдым. Аталган окуу жайды 2021-жылы артыкчылык менен аяктап, учурда №31 Ынтымак жалпы орто билим берүү мектебинде математика мугалими болуп иштеп жатам.