23-сентябрь «Кыргыз тили күнү».
23.09.2021 күнү мектебибизде 23-сентябрь «Кыргыз тили» күнүнө арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Кече кыргыз тили жана адабияты мугалими Джумабекова Эльвира Ибраевна, уюштуруучу Шайырбек кызы Айгүл жана мектеп парламенти тарабынан уюштурулду. Кечеге 5-11- класстардын окуучулары катышты. Кечени маданият министри Таранчиева Гулизат ачып берди да, Мамлекеттик гимн жаңырды. Кече Кыргызстан жөнүндө обондуу ырлар, кыргыз тили жөнүндө көркөм ырлар, макал-лакаптар, манас айтуу, кыргыз бийлери менен коштолду. Кеченин акырында кыргыз тилинин гимни ырдалып, кече Кыргыз Республикасынын гимни менен жыйынтыкталды.
Комментарии