15-сентябрь «Билим күнү»
15- сентябрь күнү «Билим күнүнө» арналган салтанаттуу линейка болуп өттү. Линейкада Ысык-Көл айыл аймагынын башчысы Рыскулов Токтосун Темирбекович келип, жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктоо сөзүн арнады. Андан соң окуучулар тарабынан уюштурулган салтанаттуу кече болду. Кеченин акырында жаңы окуу жылынын «Биринчи конгуроосу» чертилди. Конгуроону 1-класстын окуучулары Амангожоев Даурен жана Жунушева Айбийке чертишти. Кече бүткөн соң Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган тарбиялык сааттар өтүлдү.
Комментарии